Башчы-аким 6-июль күнү түндө саат 01:30 чамасында Саргата айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен жүргөн кыянды жеринен көрүп. Кум шагыл чайкап кеткен ички жолдорду ошондой эле арык каналдарды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берип. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ички көчөлөрдү ошондой эле арык каналдарды ирээтке келтирүү, тазалоо иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле Үч-Терек айыл аймагына караштуу Кум-Ой участкасындагы сел өтүүчү көпүрөнү дагы кум шагыл чайкап, селден агып келген чириндилер толуп калып, тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.




