Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушу боюнча даярдыктын жүрүшүнө карата Токтогул районунун Сары-Камыш, Толук, Э.Иманалиев айыл өкмөтүнө тиешелүү жайыт, айдоо жерлери, көпүрөлөр, жайыт жолдору, тарыхый маданий эстеликтер ж.б.курулуш үчүн пайдаланышына карата кеңешме болуп өттү.
Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергенов баштаган райондун өкүлдөрү жана эл аралык “Смек интернейшнл” компаниясынын эксперттеринин ортосунда болуп өттү.
КР Энергетика министрлиги аталган компанияны жалдаган. Ал эми, долбоорду каржылаган Дүйнөлүк банк болуп эсептелет.
Кеңешмеде кенен маалымат алмашуулар болуп, ар бир көрсөткүчтөр боюнча жеринен мониторинг жүргүзүү чечими кабыл алынды.