Иш чарага, Токтогул районунун прокурору Б.Абыкеев, райондук ИИБнин, билим берүү бөлүмүнүн, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери, райондун имамы, жана РИИБдин жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн инспекторлору катышты.
Жолугушуунун алкагында мектеп окуучулары менен “Биз кылмыштуулукка каршыбыз” деген лозунгда жөө жүрүш уюштурду.
Аталган иш-чара өспүрүмдөрдүн тарбиясын чыңдоо, жоопкерчиликтүү инсандарды тарбиялоо максатын көздөп, өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун себептири жана алдын алуу чаралары, балдарга карта змбулук, эрте никеге туруу сыяктуу көрүнүштөр боюнча түшүндүрмө берилип, “Тагдырды өзгөрткөн бир кадам” аттуу видео ролик көрсөтүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө интерактивдүү викторина түрүндөгү кызыктуу оюн өткөрүлүп, анда окуучулар өз билим деңгээлин, зиректигин жана активдүүлүгүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Иш-чарага чоң кызыгуу менен катышкан окуучулар сыйлыктарга жана баалуу белектерге ээ болушту.









