2024-жылдын 18-май күнү Токтогул шаарындагы Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин залында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий –адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” №1 Жарлыгынын алкагында Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын, Аксы, Токтогул райондорунун шахматчылары арасында райондук шахмат федерациясынын уюштуруусу менен регионалдык турнир өткөрүлдү.
Иш-чарага мектеп окуучулары жана пенсия жашындагы шахмат сүйүүчүлөрү катышышты.
Жыйынтыгында 1 –орунга Э.Муратов (Токтогул району), 2-орунга М.Шабданов (Аксы району), 3-орунга Н.Батыралиев (Аксы району), 4-орунга Д.Курбаналиев (Токтогул району) ээ болушуп, “Ардак грамоталар” жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Мындан сырткары турнирде “Эң жаш шахматчы” номинациясы боюнча Ө.Жакупов (Токтогул району), “Эң ардагер шахматчы” номинациясы боюнча К.Райымбековго Ардак грамота тапшырылды.
Шахмат турнирине райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы катышып, жеңүүчүлөрдү куттуктап, “Шахмат залкарлары” деген китептерди белекке берди.
Турнирди өткөрүүдө демөөрчүлүк кылган Т.Молдомуров жана С.Белеков агаларыбызга ыраазычылык билдиребиз