Токтогул районунун эркин күрөш боюнча машыктыруучуларынын жаркын элестерине арналган турнир болуп өттү

2024-жылдын 18-19-май күндөрү Токтогул шаарынын кичи футбол аянтында Токтогул районунун эркин күрөш боюнча машыктыруучуларынын жаркын элестерине арналган балдар жана өспүрүмдөр арасындагы турнир болуп өттү.
Мелдешке Бишкек шаарынан, Ош, Талас, Жалал-Абад облустарынын райондорунан жана Андижан, Наманган шаарларынан (Өзбекистан Республикасы) 23кг салмактан 85кг салмак категорияларындагы балдар жана өспүрүмдөр катышышты. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевич, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, шаар мэри Б.Максутбаев катышып, мелдештин катышуучуларына ийгиликтерди каалашты.
Жеңүүчүлөргө дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Leave a Reply