2024-жылдын 17-сентябрь күнү райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев райондогу укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Кетмен-Дөбө айыл аймагынын тургундары менен жолугушту.
Элдик жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан жол, жер, эскилиги жеткен электр мамычалары, таза суу, тазалык боюнча көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.
Жогоруда аталган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча раймамадминистрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Багымбаев жана райондук мекеме жетекчилери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү кеңештер берилди.
Элдик жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасына ылайык уюштурулду.