Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 жарылгынын алкагында “Улуттук тазалык күнү” акциясына карата райондун аймагында жалпы ишембилик өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 жарылгынын алкагында “Улуттук тазалык күнү” акциясына карата 20-апрель 2024-жылы райондун аймагында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликте актоо, сырдоо жана Бишкек-Ош эл аралык маанидеги автоунаа жолунун жүргүнчүлөрүнүн, жалпы жолдун коопсуздугун сактоо максатында жол боюндагы өсүп калган тал-дарактарды кыюу, тазалоо иштери жүрдү. Иш-чарага райондук мекеме ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катышты.

Leave a Reply