Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү максатында жолугушуу жыйыны өттү.
Жолугушууда ЖӨБ Союзунун жыл сайын өтүүчү жалпы жыйынына делегаттарды шайлоо, 2024-жылга карата кызматташууну, көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү жолдорун талкуулоо жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өз ара кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланды.
Жыйынга райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, КР жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунун директору Б.Орозбаев, райондогу жергиликтүү кеңештердин төрагалары, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары катышты.