Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын чоӊ жыйындар залында КР Жергиликтүү жамааттар күнүнө жана КР Агроөнөржай комплексинин кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган “Алтын Күз-2025” салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн жана айыл чарба тармагында эмгектенген кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.
Иш-чарага райондогу мамлекеттик органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, коомдук уюмдардын, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү жана дыйкан-фермерлер катышты.