Райондук прокуратуранын жана райондук мамлекеттик администрациянын биргелешкен демилгесинин негизинде үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу жана түшүндүрүү максатында “Зомбулуксуз жашоо – биздин тандоо” темасында N 2 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жыйындар залында Токтогул шаарынын тургундары менен жолугушуу өттү.
Жолугушууда райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К.Аттокуров, райондун прокурорунун орун басары Э.Элчибеков, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Ч.Суракматова, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери күн тартибиндеги маселе боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.








