3-октябрь Токтогул шаарындагы маданият үйүндө “МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫНА” карата майрамдык иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери жана билим берүү тармагынын кызматкерлери катышты.
Н.Кожобергенов билим берүү тармагынын кызматкерлерин майрамы менен куттуктап өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө алдыңкы билим берүү кызматкерлерине “Ардак Грамота”, Ыраазычылык каттар, билим берүүнүн мыктысы, билим берүүнүн ардагери төш белгилери жана баалуу белектер менен сыйланды.