Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү.
Жыйындын күн тартибинде:
1. 2024-жылдын 17-ноябрындагы Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоого карата, уюштуруу жана даярдык иштеринин жүрүшү;
2. Кышка даярдыктын жүрүшү;
3. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгынын аткарылышы жана ар кандай маселелер.
Жыйынга райондогу укук коргоо органдарынын башчылары жана мекеме, ишканалардын жетекчилери катышты.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.