2024-жылдын 18-октябры Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-мартындагы “2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык жана салттуу “Мурас” достук турнирине катышууга тандоо этабы катары “Мурас-Аймак” регионалдык турниринин райондук этабы болуп өттү.
Аталган мелдешке Токтогул районунун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекеме, ишканалардын кызматкерлери арасында жалпы 6 команда катышты.
Мелдештин жыйынтыгында ийгиликке жеткен командаларга жана мыкты оюнчуларга райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан акчалай сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды.