2024-жылдын 17-октябрында Толук айылында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Эдилкан Сыргабаев менен коштошуу зыйнаты болуп өттү.
Сыргабаев Эдилкан Сыргабаевич Токтогул районунун Толук айылында 1935-жылы туулган.
Фрунзе шаарындагы техникалык окуу жайын аяктап, мастер-куруучу адистигине ээ болгон. СССР Министрлер Советинин алдындагы Новосибирск индустриалдык жана педагогикалык техникумун жана ушул эле шаардагы Марксизм-Ленинизм университетинин экономика жана философия факультетин аяктаган. Алгачкы эмгек жолун Жалал-Абад шаарынын курулуш окуу жайына, педагогикалык жана мастер-куруучулук кызматында эмгектенүүдөн баштаган.
Кийинки жылдары Кыргызстан ЛКСМ ОШ обкомунун өнөр-жай, транспорт, курулуш жана соода бөлүмүнүн инструктору, Кыргызстан ЛКСМ Фрунзе райондук комитетинин биринчи секретары, Кыргызстан КП Ош обкомунун «Ленин жолу» гезитинин редакциясында кызматкер, 1971-1992-жылдары Советник гезитинин административдик органдар бөлүмүн жетектчиси, 1992-жылдан Толук айыл аймагындагы Канаша, Бекболотов атындагы орто мектептеринде директору болуп эмгектенген. Ош облустук «Ленин жолу» гезитинде узак жыл эмгектенүү менен жүздөгөн партиялык, публицистикалык жана сын макалалардын автору болду. Мындан сырткары, Кыргызстандагы «Кара так» болгон бетине «Кара көө» сүйкөлгөн Сталиндик репрессияларга каршы бир катар сериал публицистикалык макалалардын автору.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Эдилкан Сыргабаев менен коштошуу зыйнатына Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергенов, Толук айыл аймагынын башчысы К.Аттокуров жана Толук айыл аймагынын тургундары катышты.