Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жана Гемодиализ борборунда

2024-жылдын 6-февралында райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жана гемодиализ борборунда болду.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин протоколдук тапшырмасынын негизинде райондун аймагындагы 2777 «Үй-бүлөөгө көмөк” жөлөк пул алуучулардын 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шарттары менен таанышты.
Ошону менен бирге райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына кайрылган жарандарга сылык мамиле жасоо, жарандар менен тыгыз иш алып баруу жагын башкармалыктын жетекчисине жана кызматкерлерине тапшырды.
Андан сырткары Токтогул шаарындагы Гемодиализ борборунда дарыланып жаткан бейтаптардын акыбалын сурады.

Leave a Reply