Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы тургундарга түшүндүрүү иш чарасын жүргүздү

2024-жылдын 10-февралында Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы мал уурулукту, ар кандай кылмыштарды алдын алуу жана болтурбоо максатында А.Суеркулов айыл аймагынын тургундарына түшүндүрүү иш чарасын жүргүздү.
Мындан сырткары айыл аймактагы мектеп окуучуларына “Кылмыштуулук”, “Суицид”, “Наркотикалык заттын зыяндуулугу”, “Уурулук”, “Топтошуп урушуу” аталышындагы алдын алуу лекцияларын өткөрдү.

Leave a Reply