Бүгүн, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын болуп өттү.
Жыйындын күн тартибинде:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинде 2024-жылдын 11-январындагы болгон кеңешменин N18-01 сандуу Протоколдук тапшырмасын аткаруу;
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарлардын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” ПЖ N370 Жарлыгын аткаруу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү мекеме, ишкана жетекчилерине, жергиликттүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына сугат, жазгы-талаа иштерине даярдык көрүү, ирригация каналдарды тазалоо, сугат жерлерин инвентаризациялоо, айыл чарба техникаларынын оң абалын тактоо жана башка протоколдук тапшырмалар берилип, аткаруу мөөнөттөрү коюлду.