Вакцина сактоочу кампанын имараты ачылды

2023-жылдын 26-декабрь күнү Токтогул шаарында райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунда вакцина сактоочу кампанын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду.
Ачылыш аземге Токтогул районунун акими А.А.Тюкебаев, КР саламаттыкты сактоо министринин орун басары Б.К.Арыкбаева, Жалал-Абад облустук саламаттыкты сактоо тармагынын координатору К.К.Байдолотов, Жалал-Абад облустук санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Р.К.Ураимов , райондук медицина мекемелеринин жетекчилери жана ардактауу эс алуудагы ардагерлер катышышты.
Вакцина сактоочу кампанын имаратынын курулуш иштери 2023-жылдын март айында башталган. Курулуштун сметалык баасы 7 млн сомду түзөт. Имараттын курулушу КР саламаттыкты сактоо министрлигинин колдоосу менен “COVID-19” ыкчам чара көрүү долбоорунун алкагында Бүткүл дүйнөлүк банк аркылуу каржыланган.
Жаңы курулган кампа бардык санитардык эпидемиологиялык талаптарга жооп берет. Имараттын ичине суу, канализация, вентиляция жана жылытуу системалары коюлган жана өзгөчө “Муздак чынжыр” (холодная цепь) талаптарына жооп берет. Вакцина сактоочу муздаткычтар атайын бөлмөдө турат.
Эске салсак, мурдагы вакцина сактоочу кампанын абалы авариялык абалда, тар жана ыңгайсыз абалда болгон.

Leave a Reply