Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагындагы каналдардын абалы менен таанышты

Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагындагы Коңур-Өгүз – Кеңтуулук каналынын абалын жеринен көрүп, райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчисине Тик-Сай участкасындагы каналдан сугат сууга алып өтүүчү түтүкчөнү тазалоо тапшырмасын берди.
Мындан сырткары Саргата айылындагы сел өтүүчү каналдын абалы менен таанышып айыл өкмөт башчысы Р.Омуркановго тиешелүү тапшырмаларды берди.

Leave a Reply