2025-жылдын 28-март күнү райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү.
Коллегиянын күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды:
1. Райондо 2025-жылы жазгы-талаа жумуштарына карата даярдыктардын абалы;
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» №54 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу №296 Жарлыгынын аткарылышынын абалы жөнүндө.
Коллегиянын отурумунун жыйынтыгы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жана тиешелүү мекеме жетекчилерине тапшырмалар берилип, тиешелүү деңгээлде иш алып барбаган кызматкерлерге тартиптик жазалар көрүлдү.




