Бүгүн Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарандык коргонуунун 2025-жылга карата даярдык планынын негизинде 2025-жылдын 12-14-март күндөрү республиканын аймагында өтүп жаткан команда-штабдык машыгуунун 2-этапта өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүү, сел, суу ташкындарынын алдын алуу иш-чараларын уюштуруу, күч каражаттарды даярдыкта кармоо боюнча райондук Жарандык коргонуунун кызматтары менен ыкчам штаб өткөрүлүп тиешелүү тапшырмалар берилди.



