А.Суеркулов айыл аймагынын Сары-Сөгөт айылында “Келечек үчүн билим берүү” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакча ачылды.
Бала бакчанын ачылуу аземине райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К.Аттокуров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, айыл өкмөт башчысы Ө.Жаманкулов, Калем лидер академиясынын негиздөөчүсү Мамбетасан Ибраев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоордун негизинде бала бакчага эмерек, оюнчуктар, окуу үчүн жабдуулар, материалдар берилди жана ачык абадагы оюн аянтчалары орнотулду.
Долбоордун максаты мектепке чейинки билим берүү программаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо болуп саналат. Бул долбоор аркылуу айыл аймактагы 3-5 жаш курактагы балдарды камтуу менен 3 сааттык бала бакчага 50 бала тартылып, 4 жумуш орун түзүлдү.
Балдар бакчасынын аянтын куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000 сом, жеке демөөрчүлөр тарабынан 58 000 сомдук колдоо көрсөтүлдү.




