2024-жылдын 23-июнь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Үч-Терек айыл аймагынын Саргата айылынын көчөлөрүнүн жолдорун, көпүрөлөрүп сел алган.
Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башычы-аким А.Тюкебаевдин тапшырмасы менен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан сел алган көчөлөрдүн жолдорун, көпүрөлөрүн калыбына келтирүү иш-аракеттери жүргүзүлүүдө, жол каттамдары ачылды.
Калыбына келтирүү иш-аракетин жүргүзүүгө 17 даана ар кандай техника тартылган.