2024-жылдын 25-июнь күнү Кыргызстан айылдык ден соолук комитети Ассоциациясы тарабынан “Калк арасында жугуштуу эмес (жүрөк кан тамыр, кант диабети, залал шишиктер) ооруларды алдын алуу” боюнча окуу семинар уюштурулуп өткөрүлдү. Окуу семинарга медицина мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана райондук ден соолук комитетинин (РДК) төрайымдары катышышты.
Окуу семинарда азыркы учурда көп катталып жаткан жугуштуу эмес оорулар жана аларды алдын алуу боюнча кеңири маалымат берилип, слайд көрсөтүлдү жана аталган тема боюнча талкуу болуп, калкка жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталды.