Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин колдоосу менен “СЭС Токтогул” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан “Жалал-Абад облусунун Токтогул суу сактагычына кубаттуулугу 620 МВт “РV” калкып жүрүүчү фотоэлектр паркын куруу” долбоору ишке ашыруулуда. Мындан сырткары долбоордун алкагында көлдүн жээгине 500 кВА подстанцияны, кампаны, курулуш шаарчасын, 49 км чубалгыларды куруу пландаштырылган. 2024-жылдын 3-августунда ишкерлер суу сактагычтын бетине күн энергия станциясын жана көлдүн жээгине подстанция куруу боюнча райондук мамлекеттик администрациясында кеңешме өттү. Инвесторлор жерине барып, жердин шарты менен таанышып келишти. Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары катышты.
Веб сайттан издөө
Рубрикалар
-
Акыркы документтер
- “Жаштар терроризмге жана диний экстремизмге каршы” аталышында форум өттү
- Сары-Камыш айыл аймагында элдик жыйын уюштурулду
- Сүттү кайра иштетүү заводу расмий ачылды
- 2025-2030-жылдарга Токтогул районунун туруктуу өнүктүрүү боюнча социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоору талкууланды
- Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү
Жаңылыктар календары
Коррупцияга каршы аракеттенүү
Ишеним телефону: 0(3747) 5-00-63
Материалдар архиви
Пайдалуу шилтемелер