Тегерек столго райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А.Тюкебаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын башчылары, музейлердин жетекчилери, райондун аймагындагы жеке ишкерлер, ошондой эле Россия Федерациясынын эксперттери К. Гаранин, Е. Биктимирова, Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондусунун өкүлдөрү, БУУнун Өнүктүрүү программсынын (ПРООН) өкүлү В. Петрова, “Аялдар тынчтык банкы” коомдук бирикмесинин директору Г.Абытова катышышты.
Тегерек столдо Токтогул районунун ишкерлери тарабынан түзүлгөн “Токтогул дестинациясы” коомдук бирикмесинин презентациясы болуп, дестинациянын жетекчиси Н. Ажиматова маалымат берди. Андан кийин эксперттер К.Гаранин, Е. Биктимирова Токтогул районунун туризм тармагын өнүктүрүү стратегиясы менен тааныштырышты жана креативдик экономиканы, туризмди өнүктүрүү боюнча идеялары менен бөлүшүштү. Аким А.А. Тюкебаев тегерек столдун катышуучуларына, иш чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, өзүнүн сунуштарын айтты.