Суу чарба объекттеринин сугат иштерине даярдыгы текшерилди

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергенов А.Сүйөркулов, Үч-Терек айыл өкмөттөрүндө жайгашкан суу чарба объекттеринин сугат иштерине даярдыгын жана көп жылдык чөп аянттарынын сугарылышын жеринен текшерди. Текшерүүнүн жүрүшүндө кемчиликтер аныкталып, 2024-жылдын 25-мартына чейин кемчиликтерди жоюу тапшырмасын райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы А. Орозбаевге жана айыл өкмөт башчыларына милдеттендирди.

Толук окуу…

Райондун аймагында ишембилик уюштурулду

Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү, Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрү, баардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, билим берүү мекемелеринин эмгек жамааттары жана райондун жашоочуларды тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылды.

Толук окуу…

Бириктирилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Токтогул районунда бириктирилген төмөндөгү айыл аймактарынын башчылары жана шаар мэри райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин буйругу менен дайындалышты: – Бириктирилген Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы кызмат ордуна Багымбаев Болот Тияншанович; – Бириктирилген Абды Сүйөркулов…

Толук окуу…

Райондогу багбандарга талаа семинары уюштурулду

2024-жылдын 9-март күнү Үч-Терек айыл аймагында райондогу алдыңкы багбандар, ишкелер үчүн бак өстүрүүнүн сырлары туурасында талаа семинары болуп өттү. Талаа семинарында башчы-аким А.Тюкебаев сөз сүйлөп, бак өстүрүү райондун приоритеттүү багыттарынын бир экендиги белгилеп, райондун багбандарын Өзбекстан Республикасынан келген эксперттер жана республикабыздагы алкыңкы агрономдор менен кызматташууга чакырды. Семинар жеке ишкер Н.Дойбулов…

Толук окуу…

Вакцина сактоочу кампанын имараты ачылды

2023-жылдын 26-декабрь күнү Токтогул шаарында райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунда вакцина сактоочу кампанын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду. Ачылыш аземге Токтогул районунун акими А.А.Тюкебаев, КР саламаттыкты сактоо министринин орун басары Б.К.Арыкбаева, Жалал-Абад облустук саламаттыкты сактоо тармагынын координатору К.К.Байдолотов, Жалал-Абад облустук санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Р.К.Ураимов , райондук…

Толук окуу…

Ничке-Сай айыл аймагындагы жаңы мектептин имаратынын жана көпүрөнүн курулушу.

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Ничке-Сай айыл аймагындагы А.Шабданов атындагы 225 орундуу жаңы мектептин имаратынын жана көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшүнүн абалына көзөмөл жүргүздү.

Толук окуу…