Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Токтобек-Сай айылынын тургундары менен элдик жыйын өткөрдү

2025-жылдын 18-апрель күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Токтобек-Сай айылынын тургундары менен элдик жыйын өткөрдү.
Жыйында негизги болуп жайыт маселеси, жер мунапысы жана айылга ФАП салып берүү жөнүндө суроолор берилди. Жыйынга Кетмен-Дөбө айыл өкмөт башчысы Б.Багымбаев, жер, жайыт салык кызматкерлери, Жер ресурстары Токтогул филиалынын, райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын адистери катышты. Жыйынтыгында жыйында көтөрүлгөн маселелер боюнча жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп тиешелүү тапшырмалар берилди.

Leave a Reply