Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А. Тюкебаев, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы К. Молдогазиев менен Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалынын ээси, Токтогул районунун Ардактуу атуулу, 2001-2023-жылдары райондук ардагерлер кеңешин төрагасы болуп иштеген, эмгек ардагери Мурсажан Сарпашовдун үйүнө барып, 1-май Эмгекчилердин күнү майрамы менен куттуктап, майрамдык белектерин тапшырды.
Сарпашов Мурсажан коомдук ишмер, “Ардак Белгиси” орденинин, “Данк” медалынын ээси, Токтогул районунун Ардактуу атуулу.
1959-1964-ж. Толук орто мектебинде мугалим, директору, 1964-1974-ж. Толук колхозунун башкармасынын орун басары, кийин партиялык жооптуу кызматтарда иштеген. 1974-1991-ж. Токтогул атындагы совхоздун директору, 1991-1999-ж. Токтогул райондук дыйкандар союзунун, Толук дыйкан чарбасы бирикмесинин, Толук айыл өкмөтүнүн төрагасы болуп иштеген.
2001-2023-ж. райондук ардагерлер кеңешин жетектеген.
М. Сарпашовдун райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, айыл чарбасын өнүктүрүүгө кошкон салымы чоң. Калк арасында жаштарга үгүт насаат иштерин алып барып, райондогу ардагерлер арасында кадыр баркка ээ.
Районубузда өмүрү өрнөктүү, сыймыктуу жана эл сыйлап кадырлаган инсан.