28-апрель 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы Манас эпосунун үчилтигин (Манас, Семетей, Сейтек эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү” N126 Жарлыгынын алкагында “Урааным-Манас” аталышындагы Манас айтуу кароо-сынагы уюштурулду.
Манас айтуу кароо-сынагы Токтогул районунун борбордук стадионунда өткөрүлүп, 3500 катышуучулар улуттук кийимдерди кийип, “Манас” эпосунан үзүндү айтышты.
Иш-чарага район башчысы-аким А.А.Тюкебаев, Кыргыз Улуттук “Манас” театрынын директорунун орун басары, манасчы Н.Талантбеков, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева катышты.