Токтогул районунун Токтогул шаарынын жана айыл аймактарынын Схематикалык картасы даярдалды

Райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан Токтогул районунун шаарынын жана айыл аймактарынын Схематикалык картасы даярдалып, мамлекеттик ишкананын өкүлдөрү тарабынан райондогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына түшүндүрмө берилди.

Leave a Reply