Үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты пайдаланууга берилди

Айыл элинин ден соолугуна кам көрүү, медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында 2023-жылдын 23-декабрында Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн Өзгөрүш айылында К.Малабашев атындагы жалпы дарыгерлер практика борборуна караштуу Үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты пайдаланууга берилди.
Имараттын ачылуу аземине КР Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Сулайманов, КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т.Сыргабаев, Токтогул районунун акими А.А.Тюкебаев, “Катар кайрымдуулук” уюмунун инженери А.К.Кыдыршаев жана айыл тургундары катышышты.
Медицина борбору “Катар кайрымдуулук” фонду тарабынан каржыланып курулду.

Leave a Reply