2023-жылдын 15-декабрында № 1 Токтогул атындагы орто мектебинде акимдин жаңы жылдык балаты майрамы белгиленди. Майрамдык иш-чарага райондун аймагындагы социалдык колдоого муктаж балдар, билим берүү мекемелеринин алдыңкы окуучулары катышышты.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев балдарды келе жаткан жаңы жылдары менен куттуктап, окуудагы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалады.
Иш-чарада окуучулар тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланып, райондук мамлекеттик администрация тарабынан даярдалган белектер катышуучуларга тапшырылды.