Урматтуу Токтогул районунун тургундары!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ N 305 Жарлыгына ылайык жыл сайын апрель жана сентябрь айларынын 3-жекшембиси Улуттук тазалык күнү деп белгиленген.
Райондун аймагындагы таштандыларды тазалоо жана тазалыкты туруктуу сактоо боюнча райондук мекеме, ишкана, уюмдардын кызматкерлери тарабынан аракеттер тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.
Жогоруда аталган Жарлыкка ылайык ушул жылдын 21-сентябрында да райондун аймагында тазалыкты камсыздоо максатында Улуттук тазалык күнү белгиленгени турат. Ошого байланыштуу районубуздун тазалыгына кайдыгер карабаган ар бир жаранды тазалык акциясына катышууга чакырабыз.
Райондун, анын ичинде шаардын, ар бир айылдын жана ар бир көчөнүн тазалыгын сактоо өзүбүздүн колубузда.
Тазалык ар бирибизден башталат!