19-сентябрь 2024-жылы Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү 5-октябрь “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” күнүнө карата бир айлык иш-чаранын алкагында бөлүмдүн өздүк курамы арасында кичи футбол мелдеши уюштурулду.
Өздүк курамды дайыма сергек жашоого, ар кандай кырдаалда күжүрмөн даярдыкта болууга, ынтымак, биримдикте жана дени сак жашоого үгүттөп, жеңишке жеткен командалар Грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.




