Токтогул райондук маданият үйүнүн залында Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” 2021-жылдын 5-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык “Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз коом” аттуу жаштар форуму болуп өттү.
Форумдун максаты – жаштар арасында кылмыштуулук, бангизат колдонуу, экстремизм, жол коопсуздугу, үй-бүлөлүк жана балдарга карата зомбулук, эрте никеге туруу сыяктуу социалдык көйгөйлөрдүн алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багытталган.
Форумга райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук прокуратуранын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун, райондук эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери жана ИСИТО кесиптик колледжинин студенттери, ата-энелер катышышты.




