Жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү кокустуктарын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Токтогул РИИБнын кызматкерлери тарабынан, милициянын көчмө кабылдамасы менен райондун аймагында жайгашкан каналдарга жана сууга түшүүгө кооптуу болгон жерлерге атайын эскертүү баннерлери орнотулуп, жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүү кокустуктарын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары жаш өспүрүмдөргө ата-энесинин кароосу жок өз алдынча сууга түшүүгө тыюу салынаары жана ата-энелерге каникул мезгилинде балдарды кароосуз калтырбоо жагы эскертилди .

Leave a Reply