Селден жабыркаган жерлерди тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жасалууда

2024-жылдын 01-июлунда туруксуз аба-ырайына байланыштуу күндүз жана кечке маал нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен Үч-Терек айыл аймагына караштуу Саргата айылында, А.Суеркулов айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында, Торкен айылында, Токтогул шаарынын Кара-Тектир айылдарында сел жүргөн. Бүгүнкү күндө селден жабыркаган жерлер райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, райондук суу чарба башкармалыгы ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жасалып жатат.

Leave a Reply