12-август 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Э. Торобаев Токтогул районунун тургундары менен жолугушту

12-август 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Э. Торобаев Токтогул районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушуу Токтогул шаарындагы А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө болду.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К.Текебаев жана ар бир министрликтин өкүлдөрү, райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Жолугушуу учурунда жергиликттүү тургундар тарабынан таза суу, жер, бала бакча ачуу жана каналдар жөнүндө маселелер айтылып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Leave a Reply