13-август 2024-жылы 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктын абалы боюнча райондук штабдын жыйыны өттү.
Жыйын башчы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун жетекчилигинде болуп, райондогу социалдык объекттердин, электр тармактар ишканасынын, медицина мекемелеринин жана жол чарба тармагынын даярдыгы жөнүндө маалыматтар алынып, тиешелүү тапшырмалар берилди.