Тургундардын кайрылуусу жеринен башчы-аким тарабынан каралды

Бүгүн, 2024-жылдын 13-сентябрь күнү райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевге Токтогул шаарынын карамагындагы Жаңы-Жол айылынын тургундары мэрия тарабынан айылдын ички жолдорун кеңейтүүдө тактоо иштерин жүрүгүзүп берүү боюнча кайрылышкан. Тургундардын кайрылуусу жеринен башчы-аким тарабынан тиешелүү мекемелердин жетекчилер менен биргеликте каралып, түшүндүрүү иш чарасы жүргүзүлдү.

Толук окуу…

Координациялык кеңешменин кезектеги отуруму болуп өттү

Бүгүн 12-сентябрь 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу маселелери боюнча Координациялык кеңешменин кезектеги отуруму болуп өттү. Күн тартибинде: 1. Токтогул районунда үй-бүлөлүк зордук зомбулукка бөгөт коюу, алардын ичинен аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук зомбулуктарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-аракеттерди күчөтүү; 2. Калкты…

Толук окуу…

Жаш өспүрүмдөр арасында жол транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт

Бүгүн, 11-сентябрь 2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун төрагалыгында жаш өспүрүмдөр тарабынан электромотоциклдарды жана жүк ташуучу транспорт каражаттарын райондун аймагында пайдаланып жүргөндүгү, жол транспорт коопсуздугунун талаптарына ылайык келбей, адам өмүрүнө коркунуч алып келүүчү жагдайлардын жаралуусун алдын алуу жана болтурбоо максатында райондогу тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарына чогулуш…

Толук окуу…

Комуз күнү белгиленди

Комуз кыргыз элинин эң көрүнүктүү, байыркы кеңири тараган музыкалык аспаптарынын бири. Кыргыз комузу менен аткарылган чыгармалар кыргыз жеринин кооздугун элестетет. 9-сентябрь-Комуз күнүнө карата Токтогул шаарынын борбордук аянтында Комуз күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарада комуз күүлөрү чертилип, комузда ырлар жаңырды.

Толук окуу…

Окуучуларга өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү 2024-жылга түзүлгөн иш-чаралар планына ылайык Токтогул шаарындагы №2 Ж.Бөкөнбаев, №28 Ормонбеков, N5 Турдумамбетов атындагы орто мектептеринде жаңы окуу жылына карата “Өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу” боюнча офицердик курамы тарабынан мектеп окуучуларына окуулар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Толук окуу…

7-сентябрь Токтогул шаарында жана айыл аймактарда ишембилик өткөрүлдү

7-сентябрь Токтогул шаарында жана айыл аймактарда ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, райондук токой чарба башкармалыгынын башчысы К.Токтоназаров ж.б мекеме жетекчилер жана Кетмен-Төбө өрөөнүнүн активист уулу Хамза Жеништин демилгеси менен КР Эмгек сиңирген артисти Т.Сманбеков, «Дестинация Токтогул» коомдук…

Толук окуу…

Токтогул РИИБдин башчысы К.Дж.Искаков Өзгөрүш АМБнүн башчысы жана аймактык тескөөчүлөр менен бирге Элдик жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орун басары Б.Торобаев жана ИИМдин орун басары милициянын генерал майору Э.Аширходжаев менен жолугушууда коюлган суроо талаптардын аткарылышы боюнча 2024-жылдын 5-сентябрь күнү Токтогул районунун Э.Иманалиев айыл өкмөтүнө караштуу Ж.Чаргынов атындагы орто мектебинде Токтогул РИИБдин башчысы милициянын подполковниги К.Дж.Искаков жана Өзгөрүш АМБнүн башчысы жана аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте,…

Толук окуу…

№6 Мүлкүбат, №1 С.Токтогул атындагы орто мектептеринде “Өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу” боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2024-жыл 5-сентябрь күнү райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү 2024-жылга түзүлгөн иш-чаралар планына жана графигине ылайык Токтогул шаарынын №6 Мүлкүбат, №1 С.Токтогул атындагы орто мектептеринде жаңы окуу жылы башталганына байланыштуу “Өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу” боюнча офицердик курамы тарабынан мектеп окуучуларга окуутуларды жана түшүндүрүү иштерин жеринен жүргүзүлдү.

Толук окуу…

А.Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицейинин ачылыш аземи болуп өттү

5-сентябрь Токтогул шаарындагы А.Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицейинде КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Секторду өнүктүрүү: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” (АӨБ) долбоорунун алкагында: 19 млн 524 968 сомго капиталдык оңдоп-түзөө иштери, заманбап материалдык-техникалык база менен толукталышы ж.б. жумуштардын аякташы менен окуу жайдын ачылыш аземи болуп өттү. Аталган иш-чара онлайн…

Толук окуу…

Көрнөк-жарнактар ирээтке келтирилүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин N56 Жарлыгынын алкагында, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими А.Тюкебаевдин 2024-жылдын 15-августундагы N 429 буйругунун негизинде Токтогул шаарынын аймагындагы Бишкек-Ош автоунаа жолунун жээгиндеги башаламан жайгашкан көрнөк- жарнактар алынып, ирээтке келтирилүүдө.

Толук окуу…