Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан жаңы окуу жылына карата “Салам мектеп!” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө.
Райондун аймагындагы мектеп окуучуларына жана кесиптик лицейде билим алып жаткан студенттерге жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды, топтошуп мушташууларды, рекетчилик , тоночулук, аптекалык наркоманиядан алыс болууга жана жол эрежелерин так билүү үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле окуучуларга кылмыш жоопкерчилигине тартылып калбоо боюнча эскертүүлөр берилди. Мындан сырткары республикада болуп жаткан жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан скутер, желмаян жана катуу ылдамдыкта жүргөн самокаттарды башкарып өлүм менен коштолгон жол кырсыгына кабылып калбоосу боюнча жашы жете электердин ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, аталган иш-чара мындан арыда улантылат.