Райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү.

Коллегиянын күн тартибинде, райондун калкын жана экономика тармактарын 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө маселе каралды. Коллегиянын отурумунун жыйынтыгы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Толук окуу…

“Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары жана милдеттери” аталышындагы окутуу семинары өткөрүлдү

Райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында 2024-жылдын 12-декабрь күнү райондогу жергиликтүү кеңештердин төрагаларына, депутаттарына жана жооптуу катчыларына “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары жана милдеттери” аталышындагы окутуу семинары өткөрүлдү. Окууну райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев ачып, окууну уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Толук окуу…

Башчы-аким А.Тюкебаев мектеп, бала-бакчалардагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

2024-жылдын 12-декабрь күнү райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Токтогул шаарынын карамагындагы Арал айылында курулуп жаткан Т.Тешебаев атындагы мектептин, Комсомол айылындагы Адеми бала бакчасынын, Жаӊы-Жол айылындагы Күн-Нуру бала бакчасынын ашканасы жана кичи футбол аянтчанын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев жогорудагы аталган объектилердин курулуш иштеринин жүрүшү…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында графикке ылайык жыйын өттү

Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн арасында пропагандалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча атайын бекитилген графикке ылайык жыйын өттү. Жыйынга укук коргоо органдарынын башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери, шаардын мэри, айыл өкмөт башчылары, райондун имамы, мектеп директорлору жана мектеп окуучулары катышыты. Жыйында Кыргыз Республикасынын…

Толук окуу…

Сары-Сөгөт айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун имараты пайдаланууга берилди

А.Суеркулов айыл аймагынын Сары-Сөгөт айылындагы фельдшердик-акушердик пункттунун имараты пайдаланууга берилди. Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, А.Суеркулов айыл аймагынын башчысы Ө.Жаманкулов, айылдык аксакалдар кеңешинин төрагасынын, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана айыл тургундарынын катышуусунда А.Суеркулов айыл аймагынын Сары-Сөгөт айылындагы фельдшердик-акушердик пункттунун имараты пайдаланууга берилди. Имараттын курулуш иштери ашар жолу менен башталып, курулуш…

Толук окуу…

Укук бузууларды, зордук-зомбулукту, кылмыштуулукту алдын алуу максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери менен биргеликте Токтогул районунун аймагындагы орто мектептеринде жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды, зордук-зомбулукту, кылмыштуулукту, укук бузуулардын алдын алуу максатында көчөлөрдө, коомдук жайларда, дүкөндөрдө, май куюучу жайларда, базарларда түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү.

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Кезектеги III Элдик Курултайга шайланган 13 делегат менен жолугушту

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев шаар, айыл аймактардан Кезектеги III Элдик Курултайга шайланган 13 делегат менен жолугушту. Жолугушуу жыйынын жүрүшүндө КезектегиIII Элдик Курултайдын делегаттары тарабынан райондогу көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, аларды чечүү жолдору талкууланып, делегаттардын суроолоруна райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев тарабынан жооптор берилди.

Толук окуу…

Исабек Токтогуловдун 80 жылдыгына карата “Ыр дүйнөгө саякат” аталышындагы адабий кече уюштурулду

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул районунун Ардактуу атуулу, акын, жазуучу, журналист Исабек Токтогуловдун 80 жылдыгына карата “Ыр дүйнөгө саякат” аталышындагы адабий кече уюштурулду. Иш чарада райондук балдар китепканасынын кызматкерлеринин куурчак ийрими автордун “Жетим кыз” жомогунан театралдаштырылган жомок-көрсөтүүсүн жана чыгармаларынан көркөм окууларды тартуулашты. Райондун акими А.А.Тюкебаев И.Токтогуловдун чыгармачылыктагы эмгегин,…

Толук окуу…

Зомбулукка, кылмыштуулукка каршы аттуу жөө жүрүш иш чарасын өткөрүлдү

Бүгүн райондук ички иштер бөлүмүнүн Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте Турусбеков атындагы орто мектебинин окуучулары зомбулукка, кылмыштуулукка каршы аттуу жөө жүрүш иш чарасын өткөрүштү.

Толук окуу…

№14 Жоомарт мектебинин алдында “Келечек үчүн билим” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакчалар ачылды

Бүгүн, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Мазар-Суу айылындагы №14 Жоомарт мектебинин алдында “Келечек үчүн билим” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакчалар ачылды. Ачылыш аземине райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, айыл өкмөт башчысы Б.Багымбаев, эмгек ардагерлери жана ата-энелер катышты. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим…

Толук окуу…