Башчы-аким А.А.Тюкебаев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын түзүлгөн күнү менен куттуктады

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын райондук бөлүмүнүн кызматкерлери!
Сиздерди 20-декабрь Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын түзүлгөн күнү менен куттуктайм!
Бул күнү биз улуттук коопсуздук органдарынын кызматчыларынын каармандыгына, бекемдигине, жогорку кесипкөйлүгүнө жана мекенге берилгендик менен кызмат кылуусуна урмат көрсөтөбүз.
Азыркы учурда коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү аёосуз жүргүзүлүүдө. Бул жооптуу жана манилүү миссияны аткаруу үчүн чыныгы патриотизм, чечкиндүүлүк, кесипкөйлүк, каармандык жана өз мекенине берилгендик зарыл.
Сиздердин кызматыңыздар дайым оор жана кокунучтуу болгон кыйынчылыктарга карабастан, өзүңөргө жүктөлгөн милдеттерди ийгиликтүү аткарып жатасыздар.
Өлкөбүздө мыйзамдуулуктун жана укук тартибинин чыңдалышына кошкон салымыңыздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем.
Сиздерге бекем ден соолук, үй бүлөлүк бакыт-таалай жана Кыргызстан элинин бейпилдиги үчүн өтөп жаткан маанилүү кызматыңыздарга жеке өзүмдүн атыман жана райондук мамлекеттик администрациясынын атынан ийгиликтерди каалайм!
Сиздерди урматтоо менен,
Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев

Leave a Reply