Район башчысы-аким А.Тюкебаев райондук оорукананын неврология, балдар жана жугуштуу оорулар бөлүмүндө жүрүп жаткан ремонт иштери менен таанышты

Район башчысы-аким А.Тюкебаев райондук оорукананын неврология, балдар жана жугуштуу оорулар бөлүмүндө жүрүп жаткан ремонт иштерин жеринде барып көрүп, иштин жүрүшү менен таанышып чыкты.
Аталган бөлүмдөрдүн ар бир палатасына суу түтүкчөлөрү кайрадан жаңыланып орнотулууда. Ремонт иштеринен кийин ар бир палатада суу чыгып, бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын бир палата каралып, ичинде жуунучу жай жана ажаткана орнотулуп жатат.
Район башчысы А.Тюкебаев курулуш компаниясынын жетекчиси жана Токтогул ЖДПБнун директоруна ремонт иштерин сапаттуу жана жакынкы арада бүтүрүп, бейтаптар үчүн шарттарды түзүү боюнча тапшырмаларды берди.

Leave a Reply