Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин куттуктоосу

Урматтуу мусулман бир туугандар! Сиздерди Орозо айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Орозо айт – кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган улуу майрам. Рамазан айында айтылган аруу тилектердин бардыгы кабыл болуп, кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Жараткан жерибизге ынтымак, тынчтык, береке, элибизге сабырдуулук, биримдик, бак-таалай берсин! Орозо айт…

Толук окуу…

Координациялык кеңешменин отуруму болуп өттү

2025-жылдын 28-март күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациянын алдындагы коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу маселелери боюнча Координациялык кеңешменин отуруму болуп өттү. Күн тартибинде: 1. Токтогул районунун айыл аймактарындагы мыйзамсыз курулган курулуштарды аныктоо жөнүндө аткарылган иштер; 2. Токтогул шаардык мэрия жана айыл өкмөттөрдүн карамагында турган жер тилкелерине толук кандуу инвентаризация жүргүзүү…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү

2025-жылдын 28-март күнү райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү. Коллегиянын күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды: 1. Райондо 2025-жылы жазгы-талаа жумуштарына карата даярдыктардын абалы; 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» №54 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын…

Толук окуу…

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагындагы каналдардын абалы менен таанышты

Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Үч-Терек айыл аймагындагы Коңур-Өгүз – Кеңтуулук каналынын абалын жеринен көрүп, райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчисине Тик-Сай участкасындагы каналдан сугат сууга алып өтүүчү түтүкчөнү тазалоо тапшырмасын берди. Мындан сырткары Саргата айылындагы сел өтүүчү каналдын абалы менен таанышып айыл өкмөт башчысы Р.Омуркановго тиешелүү тапшырмаларды берди.

Толук окуу…

БУУнун Дүйнөлук азык-түлүк программасынын аркылуу аткарылган иш-аракеттер жөнүндө маалымат угулду

2025-жылдын 25-март күнү райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында БУУнун Дүйнөлук азык-түлүк программасы аркылуу 2024-жылы райондун аймагында аткарылган иш-аракеттердин жыйынтыгы жөнүндө маалымат угулуп, 2025-жылга карата иш-чаралар планы талкууланды.

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Токтогул шаарынын тургундары менен жолугушат

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев ушул жылдын 25-26-март күндөрү Токтогул району, Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарынын тургундары менен жолугушат. Бул аракет облус аймагындагы жарандардын жер-жерлердеги көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү максатын көздөйт. Жолугушуу графиги: -25-март, саат 10:00, Кара-Көл шаардык мэриясынын чоң жыйындар залы;…

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду Ишембиликте Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрү, мекеме, ишканалардын айланасы тазаланып, бак-дарактар акталды. Тазалоо, бак-дарактарды актоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары тартылды.

Толук окуу…

Токтогул шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

21-мартта Токтогул шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев майрамдык салтанаттын катышуучуларын Нооруз майрамы менен куттуктады. Салтанат майрамдык концерт жана спорт оюндары менен уланды.

Толук окуу…

“Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөтүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү

2025-жылдын 19-март күнү райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү тарабынан “Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөтүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Жыйынга райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, шаар мэри, мектеп директорлору, муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Толук окуу…

Элдик жыйындар уланууда

Элдик жыйындар уланууда Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери менен бирге Толук айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан таза суу, жол, каналдар боюнча маселелер талкууланды. Элдик жыйындардын жыйынтыгы менен райондук мамлекеттик администрациянын иш-чаралар планы түзүлүп, аткарылышы көзөмөлгө алынат.

Толук окуу…