Урматтуу мусулман бир туугандар!
Сиздерди Орозо айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Орозо айт – кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган улуу майрам.
Рамазан айында айтылган аруу тилектердин бардыгы кабыл болуп, кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Жараткан жерибизге ынтымак, тынчтык, береке, элибизге сабырдуулук, биримдик, бак-таалай берсин!
Орозо айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч алып келсин!
Айтыңыздар маарек болсун!
Урматтоо менен,
Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев.

