Токтогул районунун социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча координациялык кеңештин отуруму өттү

Токтогул районунун социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча координациялык кеңештин отуруму өттү. 2025-жылдын 20-майында айондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары, координациялык кеңештин төрагасы Н.Кожобергеновдун төрагалыгында отурум болуп өттү. Координациялык кеңештин отурумунда “Токтогул районунун 2025-2030-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы” талкууланып, бир катар сунуш, пикирлер эске алынды.