23-июнь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

23-июнь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.
2024-жылдын 21-июнь күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 23-июнь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Башчы-аким А.Тюкебаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.
Салтанаттуу иш-чара райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Leave a Reply