Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы 100 жашка чыккан апаларды куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондусунан 1-октябрь Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата 100 жаштагы карыларга ар бирине 3000 сомдон бөлүнгөн. Токтогул районунун аймагында айылдарда 100 жашка чыккан 5 кары апалар бар. Облустук өкүлчүлүк тарабынан которулган акча каражатын 100 жашка чыккан апаларга Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы ар биринин үйүнө барып тапшырып, апалардан кабар алды. 100 жаштан ашкан апалар батасын берип, мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан камкордуктарга ыраазычылык билдиришти.

Leave a Reply